Четверг, 19 сентября

Украина премьер-министри кызмат ордунан кетүүгө арыз берген

0

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук кызмат ордунан кетүү боюнча Владимир Зеленскийге болгон кайрылуусуна комментарий берди. Ал кызмат ордунан кетүү үчүн кайрылган. Бирок Зеленский кабыл алган эмес. Премьер менен болгон жолугушууда ал министрлер кабинетине мүмкүнчүлүк берерин белгилеген.

Алексей Гончарук өткөн жылдын 29-августунан бери премьер-министр болуп келген.
Украинадагы саясий жаңжал.

Украинада youtube каналына чыгып кеткен аудиороликтен кийин жаңжал чыкты. Анда болжолдуу түрдө премьердин декарь айындагы расмий эмес чогулушу жазылган. Чогулушка министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана айрым ведомстволордун башчылары катышышкан. Ал жерде Гончарук: “Зеленскийдин экономика боюнча түшүнүгү жакшы эмес жана башы туман”- деген. Бирок ошол эле учурда өзү деле экономика тармагында түркөй экендигин мойнуна алган.

Зеленский эки жума ичинде бул видеону ким таратканын жана таратканын табууну буйруду. Эгерде келечекте ушул сыяктуу иштер болсо катуу чара колдонорун билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз