Четверг, 19 сентября

Таиланд Кытайдагы вирустун алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын колдоно баштады

0

Таиланддын саламаттыкты сактоо министрлиги Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон короновирустан сактануу үчүн аэропортто, өлкөнүн баардык ооруканаларында коопсуздук чараларын күчөтүп жатат. Себеби, жакында Кытай жаңы жылы болот жана ага Кытайдан көптөгөн туристтер майрамдоо үчүн Таиландга келишет. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сухума Канчанапимаинин айтымында Кытайдан келген ар бир турист текшерүүдөн өтөт. Мындан тышкары министрлик бардык ооруканалар оору жуктуруп алгандарды тез арада даарылоосун эскертти.

Декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында белгисиз вирус тараганын кабарлаган. Эксперттер короновирустун жаңы түрү деп божомолдошкон. Бул вирустан улам алгачкы адам 11-январда каза болсо, экинчиси 15-январда көз жумган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо организациясынын берген маалыматында короновирус аба аркылуу адамдан адамга жугарын айткан. Мамлекеттер ооруу жугуп калса айыктырууга даяр болушу керектигин кошумчалаган.

Коронавирустар – 30 вирустун чогулушу. Алар эки бөлүккө бөлүнүшөт. Биринчи жолу 1965-жылы белгилүү болгон. Алар адамдарга, үй жаныбарларына, куштарга, бодо малдарга жугат. Ал дем алуу, ашказан-ичеги, нерв системаларын бузат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз