Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Ливия улуттук макулдашылган өкмөт башчысы Файез ас-Сарраж менен жолукту. Жолугушуу Берлинде болуп өттү. Алар Германия канцлери Ангелы Меркелдин Ливия боюнча өткөргөн эл аралык конференциясына барышкан.
Сүйлөшүүлөр “The Ritz-Carlton Hotel” мейманканасында жабык эшик артында болгон.