Понедельник, 20 мая

Гонконгдо эмнеге митинг болду?

0

Гонконгдо кезектеги нааразычылык орун алды. Акцияга чыккандар Гонконг автономдуу аймагына өз алдынчалык берүүсүн Кытай борбордук өкмөтүнөн талап кылышты.

Акцияга 1000 ашык адам катышышты. Көпчүлүгү АКШ, Великобританиянын желектери менен чыгышкан. Алар Кытай коммунисттик партиясынын Гонконгдогу ишмердүүлүгүн токтотуусун талап кылышкан.

Бул жолу шаар бийлиги акциянын уюштуруучуларына митинг гана өткөрүүгө уруксат берген. Себеби буга чейинкисинде вандализм(мыкаачылык жана жапайычылык) жана полиция менен кагылышуу орун алганын айткан.

Эскерте кетсек Гонконгдогу Кытай бийлигине болгон нааразычылык былтыркы жылдын жаз мезгилинен бери болуп келе жатат. Пекин өз аймагындагы укуктардын бузуулуусу боюнча айыптоолорду четке какты жана бул иштерге батыш өлкөлөрүн, биринчи орунда АКШны күнөөлүү деп жатат. Пикиринде Америка каршылык акцияларын уюштурууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз