Понедельник, 20 мая

Меган Марклдын атасы кызына жана күйөө баласына нааразы

0

Падыша Гарри менен жубайы Меган Марклдын падышалык титулунан баш тартканы дүйнөнү таң калтырды. Алар Түндүк Америкага көчүп кетерин да кошумчалашкан. Алардын мындай кылганына нааразы болгон Меган Марклдын атасы Томас Маркл үн катты.

Томас Марклдын пикиринде жөнөкөй чечим кабыл алышкан жок. Алар Британиялык монархиянын деңгээлин түшүрүштү.

“Улуу институтту бузушту. Мындай кылбашы керек эле. Акча үчүн ушул жолго барышы мүмкүн”- деген оюн телеканалдардын бирине берген интервьюсунда айтты.

Ал эми Улуу Британиянын падышасы Елизавета II Гарри менен жубайынын тандоосун колдогон. Анткени акыркы эки жылда аларга болгон басымдан улам көйгөйлөргө дуушар болушкан.

“Гарри, Меган жана Арчи биздин үй-бүлөнүн мүчөсү болуп кала берет жана аларды жакшы көрөбүз”- деген пикирин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз