Понедельник, 20 мая

Ирандын үстүнөн самолеттун учуусу кооптуубу?

0

Орусиялык авиакомпания орус авиациянын эскертүүсүнө карабай Ирандын үстүнөн дагы эле учуп жатат. Бул тууралуу Федералдык аба транспортунан билдиришти.
Ведомстводон белгилегендей, алар Ирандын үстүнөн кылдаттык жана кезеги менен учуп жатышат.

“Flightradar” сайтынан 14-январдын 21:20 убактысында “Аэрофлот” Ирандын үстүнөн Москвадан Дубайга эки каттам жасаганын көрүүгө болот. Мындан тышкары үч самолет аба каттамында болгону айтылат.

Бирок буга чейин “Аэрофлот” Ирандын үстүнөн учпашы үчүн аба маршрутун өзгөрткөнүн айткан.
Ошол эле учурда Ирактын үстүнөн россиялык самолеттор учпаганын сайттан кошумчалашты.
Эскерте кетсек, украиналык лайнер кырсыкка дуушар болгондон кийин Орус авиациясы жалпы россиялык авиакомпанияларга Иран, Ирак өлкөлөрүнөн, Перс жана Осмон булуңдарынын аба мейкиндигинен учпоону сунуштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз