Понедельник, 20 мая

Сапар Исаков эми сотко катышпайт

0

Экс-премьер-министр Сапар Исаков мындан ары соттук отурумдарга катышуудан баш тартты. Эскерте кетсек, С. Исаковду ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга тиешеси бар деген айып менен Свердлов райондук соту 15 жылга эркинен ажыраткан.

Анын адвокаттары бул чечимге нааразы болушуп, Бишкек шаардык сотко кайрылышкан. Кайрылууну бүгүндөн баштап карай башташты.

Сапар Исаковдун пикиринде мамлекеттеги баардык соттор “көз каранды”.

“Бул саясий иш. Саясий абал өзгөрмөйүнчө башка нерсе өзгөрбөйт деп ойлойм. Эми мындан ары мен үчүн адвокаттарым күрөшөт”- дейт өз пикиринде Сапар Исаков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз