Понедельник, 20 мая

Иран президенти Зеленскийге билдирүү жөнөтөт

0

Иран мамлекетинин жол жана шаардык курулуш министри Мохаммед Ислами Киевге барат. Ал Украина президенти Владимир Зеленскийге Ирандын президенти Хасан Роуханинин украиналык самолеттун катастрофасына байланыштуу билдирүүсүн жеткирет.

Эскерте кетсек, 8-январда ирандыктар украиналык boeing 737 самолетун канаттуу ракета экен деп атып алышкан. Ошол мезгилде АКШдан сокку күтүп жаткан учуру болгон.

Самолетто жалпы 176 адам болгон. 167 жүргүнчү, ал эми 9 адам экипаж мүчөсү. Алар Иран, Украина, Улуу Британия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз