Понедельник, 20 мая

Мейманканадагы жарылуудан 5 адам каза болду

0

Пермь шаарынын мейманкаларынын биринде суу түтүгү жарылып 5 адам каза болду. Бирөө оор абалда болсо, экөөнүн абалы орто. Үч адам денесинин 15-35%ы жаракат менен келген. Калган үч адам текшерилүүдөн баш тарткан. Бирок медициналык көзөмөлгө алынган. Бирөөсү наристе экендиги кабарланды. Аны чоң энеси алып кеткен.

Куткаруу үчүн барган 2 адам дагы жаракат алган. Бирок алардын абалы туруктуу.

Пермь тармактык компаниялардын башкы инженери Вячеслав Ермаков мейманканада болгон окуяны карап чыгып, түтүктөр коопсуздандырылбаганын (герметизация) кабарлады. Окуянын кесепетинен 20 үй дагы жылуулуксуз калды.

Окуя 20-январга караган түнү катталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз