Четверг, 19 сентября

Лондондо кимге каршы акция болду?

0

Кечээ, 20-январда, Лондондо Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сисинин келүүсүнө каршы акция болуп өттү.

Ас-Сиси Бириккен Падышалыкка премьер-министр Борис Жонсондун чакыруусу менен британ-африка инвестициялык саммитке келген.

Египеттин Революциялык кеңешмесинин чакыруусу менен акцияга чыккандар саммит болгон жерге келишкен.

Революциялык кеңешменин башчысы Маха Аззам: “Генерал ас-Сиси күнөөсүз египеттиктерди өлтүргөн”- деген пикирин айтты.

Укук коргоочунун айтымында, алардын структурасынын башкаруучусу ас-Сисинин күч колдонгону үчүн камакка алуусун суранып британ бийлигине кайрылган.

Эске салсак, эл шайлаган президент Мухаммед Мурси 2013-жылы аскердик төңкөрүштө президенттиктен кеткен. Кийин “чалгындоочу” деп айыпталып 2019-жылы 17-июнунда болгон соттук отурумда каза тапкан.

Төңкөрүштү уюштургандардын бири болуп ошол убактагы коргоо министри Абдельфаттах ас-Сиси болгон. Ал кийин Египеттин президентигине жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз