Четверг, 19 сентября

Эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча сынактын жыйынтыгы

0

Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы №72 чечими менен эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүгө комиссия түзүлгөн. Ага мекемелер катышкан.

Комиссияга бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына сынакты жарыялоо менен Евразиялык экономикалык бирликтин жана Евразиялык экономикалык бирликтин органдарынын актыларынын алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тандоону уюштуруу тапшырмасы коюлган.

Төмөнкүлөр сынакка катышуу үчүн арыз берген:

1. «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервиси мамлекеттик ишканасы;
2. «Типография» мамлекеттик ишканасы.

Бекитилген тандоо критерийлерине ылайык, сынак комиссиясы талапкерлердин топтогон баллынын негизиндеги сынакта жеңүүчү деп «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасын тапты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз