Кыргызстан менен Таджикистан чек аралаш участкаларды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдирди.
“Эки жерди алмашууга тараптар макул. Алар Баткен облусундагы Арык-Асты жана Самаркандек айылындагы Самаркандек жер тилкелери”- деди Раззаков.
Ал Тажикстандык жумушчу топ менен бүгүн, 22-январда, Бишкек шаарында жолугат.
Буга чейинки 6 жолу болуп өткөн жолугушууда 134 топографиялык карта даярдалган. Жумушчу топ чек арадагы 120километр жерди изилдешип, 114км жер бардык картада туура белгиленгенин кабарлашкан.
Кыргыз-Тажик чек арасынын узундугу 970 км түзөт. Анын ичинен 60 пайызы гана делимитация жана демокрацияланган. Ортодо калк жашаган 70 такталбаган аймак бар.
Белгиленбеген аймакта жер, суу боюнча жаңжалдар болуп келет.
Акыркы кагылышуу 9-январдан 10-январга караган түнү катталган. Ок атуулар, таш менен унааларды чабуу орун алган. Жыйынтыгында Баткен облусунун жашоочуларын көчүрүүгө туура келген.
