Четверг, 19 сентября

Донбасстагы мониторинг

0

Киев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Донбасстагы атайын мониторингдик миссиясын узартууну эле эмес тереңдетүүнү суранды. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштери министри Вадим Пристайко кабарлады.
Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Эдди Рама менен жолугушууда айткан.
Атайын мониторинг жүргузүү миссиясы 31-мартта бүтөт.
“Украинанын чыгышындагы конфликт жашоочуларды жоготууга алып келип жатат. Бул жаман көрүнүш жана токтошу керек. Биздин негизги максат ок атышууну токтотуу”- деди Эдди Рама. Ошондой эле ал Украинанын чыгыш тарабына шейшемби күнү барарын айтты.
Эске салсак, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Украинадагы атайын мониторинг жүргүзүү иши 2014-жылдын 21-мартында башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз