Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Өкмөттүн түзүлүшү боюнча жарлык кабыл алган. Ага ылайык 9 вице-премьер дайындалды.
Буга чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу Финансы министрлигине кирсе, мындан ары мамлекеттик каттоону министрлер кабинети карайт.
Түндүк Кавказдын ишин караган министрлик жоюлду. Буга чейин Путин генералдык прокурор Юрий Чайкеге ыйгарым укуктуу элчи болууну сунуштаган.
Ал эми биринчи Вице-премьер министр болуп президенттин мурдагы жардамчысы Андрей Белоусов дайындалган.
Өкмөттүн төрагасынын орун басарлары болуп Дмитрий Григоренко, Юрий Трутнев, Виктория Абрамченко, Юрий Борисов, Татьяна Голикова, Алексей Оверчук, Марат Хуснуллин жана Дмитрий Чернышенко болушту. Григоренко өкмөттүн аппарат башчысы кызматына ээледи.
Марат Хуснуллин Москва мэрлигинен өкмөткө келди. Ал 2010-жылдан бери шаардык администрацияда иштеп келе жаткан.
ТИМдин башчысы Сергей Лавров, ИИМ башчысы Владимир Колокольцев, коргонуу министри Сергей Шойгу өз кызматында калышты.
Антон Силуанов Финансы министри ордунда калды, бирок вице-премьерликтен кетти.
Владимир Мединский кызмат ордунан кетип, анын ордуна кинематография департаментинин жетекчиси Ольга Любимова маданият министри болду.
Саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова болуп турса, азыр Михаил Мурашко министр.
Жалпысынан РФнын жаңы өкмөтүндө 28 эркек, 3 айым болду.
Президент Владимир Путин жаңыланган өкмөткө жана министрлер кабинетине ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, буга чейинки Россия өкмөтү отставкага кеткен.