«Louis Vuitton» өнөр-жай ишканасынын ээси Бернар Арно Форбес журналы түзгөн дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинин биринчисинен түшүп калды. Ал болгону 4 гана күн эң бай адам катары эсептелди.
Тизменин башына «Amazon» компаниясынын башчысы Джефф Безос чыкты. Анын 21-январдагы каражаты 489миллиондон 116,1 миллионго чейин көтөрүлгөн.
Ал эми Арно 3,7 миллиардын жоготуп, каражаты 112,9 миллиардга түшүп калган. Анын себеби «Louis Vuitton» ишканасынын акциясы Кытайдагы вирустун күчөшүнө байланыштуу төмөндөп кеткен.