Воскресенье, 19 мая

Республикалык волейболго Кара-Көлдүктөр катышат

0

Кара-Көл шаарында спорттун волейбол түрүнө кызыккандар бар. Алар команда түзүп ойношот. Алардын бири “Энергетик” командасы шаардын мэри И.Еркеевге жана шаардык кеңештин депутаты Б. Кыргызалиевге жолугушту.

“Биздин команда 3 жылдан бери жогорку лиганын турнирине катышып келет. Команданын курамында студенттер, мектеп мугалимдери да бар”- деди Жеңиш Журобаев.
Анын айтымында, 2020-жылдын 25-январынан 1-февралына чейин Ош шаарында волейбол боюнча республикалык мелдеш өтөт. Ага катышуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн. Команданы күчтөнтүү үчүн 3 жаңы оюнчу алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз