Четверг, 19 сентября

АКШ жараны короновирус жуктуруп алган

0

АКШдагы оорууларды көзөмөлдөө борбору өлкөдө биринчи жолу короновирустун жаңы түрүн жуктуруп алган адамды каттоого алды.
Вирусту жуктуруп алган адам учурда Вашингтондо. Ал 15-январда Кытайдын Ухань шаарынан келгенде өзүн начар сезип дарыгерлерге кайрылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал жаңы короновирус экенин айтышкан. Бирок азыр абалы жакшы.
АКШ оорууларды көзөмөлдөө борбору Вашингтонго барып башка адамдарга вирустун тарабаганын текшерүүгө алышат.
Жаңы короновирус 2019-жылы Ухань шаарында башталган. Ал адамдан адамга жугуучу коркунучтуу вирус. Жалпысынан 6 адам каза болуп, 300 адам дарыланып жатат.
Вирус Таиландда, Жапонияда жана Түштүк Кореяда катталган. Түндүк Корея убактылуу жабык, ал эми Россиянын аэропорттору Кытайдан келгендерди катуу көзөмөлгө алып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз