Пятница, 22 ноября

Трампка жарыяланган импичмент каралууда

0

АКШ Конгресинде өлкөнүн президенти Дональд Трампка жарыяланган импичментти угуулар башталды.
Импичмент – бир катар өлкөлөрдө жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин ишке ашыруунун өзгөчө тартиби. Башкаруунун республикалык таризинде айрым мамлекеттерде баарынан мурда мамлекет башчысы – президент мамлекеттик чыккынчылыкка барса же конституцияны бузса импичмент жарыялоо каралган.
Дональд Трампка карата импичментти Палатаны көзөмөлдөө демократтары көтөрүшкөн. Анын себеби өткөн жылдын июль айында Трамптын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү.
Демократтардын ою боюнча Трамп келе жаткан шайлоодогу атаандашынын баласы Джо Байден Хантерди иликтөөнү талап кылган. Эгерде талабы аткарылса Киевге аскердик жардам бермек.
Ал эми Джо Байден Хантер 2014- 2019-жылдар аралыгында Burisma украиналык мамлекеттик нефтегаз компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турган. АКШ Президентинин айтымында ал коррупцияга тишеси бар.
Биринчи отурумда республикалык көпчүлүктүн лидери Митч Макконнел процесстин тез өтүшү боюнча токтомун белгиледи. Ага ылайык эки тарап айыбы менен коргонуу боюнча жазуусуна 24 саат берилет. Бул 20 жыл мурунку Билл Клинтонго берилген убакыттан эки эсе тез аткарылат.
Демократиялык азчылыктын лидери Чак Шумер бул токтомду “улуттун уят болушу” деп эсептейт.
Ал эми Ак үйдүн юристи, Дональд Трампты жактаган Пэт Чиполлоне: “Демократтар жөн гана түр көрсөтүп жатышат. Алардын ою ишке ашпайт”- деген пикирде.
Трампты күнөөлүү деп табыш үчүн Конгресстин үчтөн бир бөлүгү добуш бериши керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз