Четверг, 19 сентября

«Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү» долбоору

0

КР Президенти С. Жээнбеков «2019-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Айылдык райондордо суу менен жабдуу жана санитария системаларын өнүктүрүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз