Пятница, 20 сентября

Жасалма акча тараткан адам кармалды

0

Коңшу өлкөнүн жараны жасалма акча менен кармалды. Бул окуя Ош шаарында катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 22-январь күнү билдирди.
Январь айынын башында ИИМдин Оштогу Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине ири суммадагы жасалма акчаны таратууну көздөгөн кылмыштуу топ тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө январь айынын ортосунда жасалма доллар менен Ош шаарынан 30 жаштагы Б.З. аттуу коңшу өлкөнүн жараны кармалган. Аны текшерүү маалында бут кийимине катып алган 500 доллар табылган.
Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында купюралар жасалма экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз