Пятница, 20 сентября

570 адам короновирус жуктурду

0

Кытайдагы короновирус менен 570 адам ооруп жатат. Бул тууралуу Кытай мамлекеттик саламаттыкты сактоо комитети бүгүн, 23-январда билдирди.

Буга чейинки маалыматтарда 27 региондо 554 адам жабыр тартып жатканын, 17 адам каза болгону айтылган. Ооруп жаткандар менен байланышкан 5,8 миң адам болгон. Аларга карантин жарыяланды.

Вирусту жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Ухань шаарынын административдик борбору Хубэй шаарынан катталган. Ал эми Пекинде жуктуруп алгандар 14 адам.

Бул короновирус башка өлкөлөргө да тарап жатат. Таиландда 3 адам катталса, Корея, АКШ, Жапонияда бирден адам ооруп жатат. Сингапур жана Филиппинде оорунун белигилери бар.

Эксперттердин айтымында, эки жумадан бери уланып келе жаткан оору аба тамчылары аркылуу жугуп жатат. Компетенттүү мамлекеттик органдардын анализине таянсак, оорунун булагы жапайы жаныбарлар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз