Пятница, 20 сентября

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун бюджети бекитилди

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 16 009,8 млн. сом суммасында бекитилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз