Австралиядагы авариялык кызмат бир самолету менен байланышы үзүлгөнүн кабарлады. Ал континенттин чыгыш тарабындагы өрттү өчүрүү үчүн иштеп жаткан.
“Жаңы Түштүк Уэльстин регионалдык өрт кызматы маалымат боюнча иликтеп баштады. Самолет Сноуи-Монаро районунда иштеп жаткан. Ал өрт өчүрүп жатканда жарылган болушу мүмкүн. Издөө иштери вертолеттор менен жүрүп жатат”- деп ведомстводон билдиришти.