Четверг, 19 сентября

Иракта 600 демонстрант каза болду

0

Ирактагы каршылык акция 3 айдан бери уланып келе жатат. Ушул убакытка чейин 600 адам каза болду. Бул тууралуу Ирактын президенти Бархам Салих кабарлады.

Анын айтымында, жарандар өлкөнүн жашоо шартын жакшыртууну, жумуш ордуларын түзүүнү жана коррупцияны жок кылууну талап кылышууда. Бирок мыйзам бузуучулардын күч колдонуусунан улам каза болуп жатышат.

Кошумчалаганына таянсак, акцияга чыккандар жаңы демократиялык өкмөттүн түзүлүшүн жана эркин шайлоону гана каалап жатышат.  Мөөнөтүнөн мурда шайлоо каршылык акцияга чыккандарды токтотушу мүмкүн.

Салих мындан тышкары АКШ менен Ирандын мамилеси тууралуу комментарий берди.

Ал эми Ирак бардык мамлекеттер менен жакшы карым-катнашта болорун белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз