Суббота, 23 ноября

Вирустан каза болгондордун саны 26га жетти

0

Кытайдагы короновирус улам-улам күчөп баратат. Бүгүнкү, 24-январдагы маалымат боюнча Кытайда жалпысынан 26 адам каза тапты. Ооругандардын саны 840 адамды түзөт.

Таиланд, Жапония, Түштүк Корея, АКШ, Сингапур,Вьетнамда дагы ооругандар бар. Алар Ухань шаарынан өз өлкөсүнө кайтып келгендер.

Жалпы маалымат боюнча 2,2 миң адам вируска чалдыккан.

Бул оорунун алгачкы белгилери- жөтөл жана температуранын жогорулашы. Оорулуулардын көпчүлүгү эркектер. Ал эми жашы өтүп калгандарда тез күчөп кетиши мүмкүн. Каза болгондор 48ден 89 жашка чейин.

Короновирусту изилдөөдө эки гибридин табышкан. Бирөөсүн жарганатта пайда болгонун жана ал жыланга, андан кийин адам организмине жукканын маалымдашкан.

Учурда Кытайдын зоопарктары жабылып, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ал эми АКШ менен Орусия вируска каршы вакцинаны даярдоо үстүндө иштешүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз