Четверг, 19 сентября

Короновирустун белгиси бар кыз алдады

0

Кытайлык Яо аттуу кыз короновирус башталган Ухань шаарынан Парижге келген. Келе жатканда жөтөлүп, температурасы жогорулап баштаган. Аэропортто тепловизор менен текшерүү болуп жатканын билгенден кийин чек арадан өтүп кетүү үчүн температураны түшүргөн дары ичкен. Текшерүү учурунда тепловизор коркунучту көрсөткөн эмес.

Кийин өзүнүн текшерүү учурундагы сүрөтүн социалдык тармактарга коюп, анын алдына: “Көңүлдүү күн Париж! Мен Ухань шаарынан келдим. Жөтөлүп жана температурасы көтөрүлүп жаткан адам текшерүүдөн өтүп кетти, ха- ха”- деген билдирүүсүн калтырган.   

Эскерте кетсек, жөтөлүү менен температуранын жогорулашы короновирустун алгачкы белгилери.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз