АКШ президенти Дональд Трамп Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтонго келгенге чейин палестина-израиль конфлигин жөнгө салуучу планды ачыкка чыгаруу ниети бар экенин айтты. Ал эми премьер-министр 28-январда барат.
Ак үйдүн берген маалыматына таянсак, Нетаньяху жана израилдик “Кахоль-Лаван” оппозициялык блоктун башчысы Бени Ганц израил-палестина конфлиги боюнча америкалыктар көтөрүп чыккан демилгени талкуулоо үчүн Вашингтонго барышат.