Багдадда жергиликтүү эл америкалык аскерлерди чыгаруусун талап кылып жатышат. Акцияга “Садр” кыймылынын лидери Муктады ас-Садранын демилгеси менен чыгышкан.Багдаддын Жадирия районунда болгон акцияга 100 миңдеген адам катышкан. Ас-Садранын тарапташтары кепин оронуп алышкан.
Буга байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары көрүлүп, Жадирия районуна кеткен жолду жаап коюшкан.
Буга чейин Ирактын премьер-министри Адиль Абдул-Махди АКШнын Багдаддагы элчиси Метью Тюллерге Ирак парламенти чет элдик аскерлерди кетирүү боюнча чечим чыгарганын айткан.
Эскерте кетсек, 3-январдан бери Жакынкы Чыгышта абал курчуп кеткен. Себеби Пентагондун (АКШнын коргонуу министрлигинин штаб-квартирасы) маалыматы боюнча Багдадда Иран генералы Касым Сулеймани каза болгон.
Ал ракеталык сокку АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен болгон.