Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын(AFAD) көрсөткүчтөрүнө таянсак, Түркиядагы Элазыгдын Сивриж районунда 6,8 баллдык жер титирөө катталды. Ал 20:55те жердин 6, 75км астында болгон.
Түркия ИИМ башчысы Сулейман Сойлунун билдирүүсүндө 20 киши каза болду. 553 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Учурда тиешелүү кызматтар урандылардын астында калган деп шектелген 30 адамды издеп жатышканын да кошумчалады.
«Атуулдарыбыздын коопсуздугу камсыздалышы үчүн тийиштүү мекемелерибиз керектүү бардык чараларды көрүүдө»,-деди Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган. Ошондой эле Президент каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ооруп жаткандарды эртерек сакайып кетишин каалады.
Жер титирөө болгон жерге 1689 чатыр, 1656 керебет жана 9200 жууркан жеткирилди.