Вторник, 26 ноября

Памирден келгендер жаңы китеп менен окуп башташат

0

Х.Алимсеитов атындагы мектепте окуп жаткан памирлик кыргыздарга окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, “Аркус” жана “Кутаалам” басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана “Алиппе”, 50 даана “Мекен таануу”, 40 даана “Математика”, кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин жана 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырган.

Эскерте кетсек, Алайдагы мектепте 36 этникалык кыргыз билим алып жатат.

2019-жылдын 23-декабрь күнү Алайга Оогандан он үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектепте баш калкалашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз