Пятница, 20 сентября

Челябинскте каза болгон мекендештердин сөөгү келет

0

Россиянын Челябинск облусунда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапкан. Окуя 22-январь күнү катталган. Алардын сѳѳгү туугандары тарабынан аныкталды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгондор Кыргызстандын жарандары экендиги, үчѳѳ тең Ош облусунда туулгандыгы, окуяга чейин Челябинск шаарында жашап жана иштеп келишкендиги аныкталды.

Кечээ, 24-январь күнү Троицк шаарындагы каала агенттиги аркылуу «Жүк-200» жѳнѳтүү боюнча иштер соңуна чыгып, орусиянын тиешелүү мамлекеттик кызматтары тарабынан коштомо документтер даярдалды.

Каза болгондордун туугандары, Челябинск шаарындагы мекендештердин жана диаспора уюмунун жардамы менен Екатеринбург шаарынан жѳнѳѳчү жакынкы аба каттамы менен Кыргызстанга «Жүк-200» жѳнѳтүү пландаштырылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз