Пятница, 20 сентября

Республика боюнча кар жаашы күтүлөт

0
25-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.27-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда күндүз жана 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

28-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда да аба-ырайы суук болуп, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында,   Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-январда  түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда  жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мумкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз