Пятница, 20 сентября

Тез жардам унаасы кырсыктады

0

Ысык-Көл облусунда Тез жардам автоунаасы жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү  билдирди.

Алардын айтымында, кырсык, кечээ, 24-январда, түшкө маал Булан-Сөгөттү айылында болгон. Тез жардам Корумду айылында жол кырсыгында жабыркагандарга жардамга баратып өздөрү кырсыкка учураган. Анын кесепетинен 62 жаштагы айдоочусу, 59 жаштагы фельдшер жаракат алып, алар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын эмне себептен экендиги териштирилип жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз