Пятница, 20 сентября

Ухань шаары бет каптарга муктаж

0

Кытай борбордук бийлиги короновирус башталган Ухань аймагына 2миллиондон ашык коргоочу бет каптарды жана атайын кийимдерди жиберет. Бул иш дарыгерлердин ЖМКга берген маалыматынан улам башталган.

Синьхуа агенттиги белгилегендей, бул ишти Кытай коммерциялык министрлиги ишке ашырат. Ага Цзянсу жана Шаньдун бет кап өндүрүүчүлөрү жардам берет.

Ухань шаарындагы 11 миллион калк бейшемби күндөн бери эч жакка чыкпай эле. Жол кыймылы токтогон. Анын ичине метро, автобус, суу транспорттору кирет. Аэропорт жана темир жол дагы иштөөсүн токтоткон.

Дарыгерлердин айтымында, оору күндөн-күнгө күч алып бара жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз