ИШИМ Афганистанда Борбор Азияга коркунуч жараткан жаңы террордук «хаб» түздү
Сирия жана Ирактан качкан “Ислам мамлекетинин” жоочулары бүтүндөй Борбор Азияга коркунуч жарата турган террордук “хаб” түзүштү. Бул тууралуу КМШнын Террорчулукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Андрей Новиков бул борбордун жетекчилери катышкан жыйында билдирди.
“Тилекке каршы бул гипотезадай сезилген божомол далилденди. Анткени Сирия жана Ирактан качкан ИШИМ жана башка террордук уюмдардын жоочулары бул аймакта “хаб” түзүүсү мүмкүн экендигине гана шарт түзөт”,- деген А. Новиковдун сөзүнөн үзүндү келтирген РИА Новости .
Анын айтуусунда, ИШИМдин идеологдору тарабынан жарыяланган “жаңы хиджра” ал тургай шериктештик өлкөлөрүнүн ичинде да террордук коркунучтарды да жаратууга шарт түзөт.
Жыйынга тогуз өлкөнүн — Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышууда.