Пятница, 20 сентября

Греция Түркияга көңүл айтты

0

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга чалып бүткүл грек элинин атынан  каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Түрк президенти жана элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Издөө жана коргоо иштерине жардам берүүгө даярбыз”-деп твиттерине жазган.

Ал эми Грециянын ИИМ башчысы Никос Дендиас түрк коллегасы Мевлюту Чавушоглуга чалганын жана жер титирөөдөн кийин жардам берүүгө даяр экенин фейсбук баракчасына калтырган. Жарандарды коргоо министрине дагы чалып, өзгөчө кырдаалдар болсо Түркияга барууга даяр болушу керек экендигин эскерткенин кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз