Пятница, 20 сентября

C. Жээнбеков Түркия Президентине көңүл айтты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз