Пятница, 20 сентября

Түркияга 31 миң качкын барды

0

Акыркы 3 күндө Түркиянын чек арасына Идлиб шаарынан деэскалацияланган (азайтуу үчүн чыгарылган) тургундардын саны 31 миңге жетти. Алар Башар Асад жана Орусиянын космостук аба күчтөрүнүн басымынан улам качышкан.

Сириялык укук коргоочу Мухаммед Халлаж Дарет-Иззе, Этариб, Хурейтан, Хаян, Анадан, Айнджара, Касымие, Селлюм, Хан-Туман, Хан-Асал, Кафер-Наха-Бара жана Айн-Джара жашоочулары кетип жатканын кабарлады. Түрк чек арасына 6200 үй-бүлө барганын кошумчалады.

2019-жылдын ноябрь айынан бери  Идлибден 480 миң адам чыгып кеткен.

2018-жылы Түркия менен Орусия президенттеринин жолугушуусунда Идлибди делимитациялоону (чек ара аймагын аныктоо) сүйлөшүшкөн. Бирок Асаддын сокку уруусу токтогон эмес.

Сириядагы согуш 2011-жылы март айында башталган. Анын себеби, тынчтык митингине чыккандарга аскердик күчтөрдүн ок атышы. Ушундан кийин куралдуу конфликт башталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз