Пятница, 20 сентября

Президент Индия элин куттуктады

0

Кечээ, 26-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин улуттук майрамы — Индия Республикасынын күнү менен куттуктады.

«Бүгүн кыргыз-индия мамилелери өнөктөштүктүн жаңы стратегиялык деңгээлине чыкканын белгилеп кетүү өзгөчө жагымдуу, буга эки тараптын жигердүү эмгектенгени негиз болду. Бул өнөктөштүк кызматташуунун алдыга карай өнүгүшүнө жана жаңы багыттарды издөөгө, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары жылдыруудагы натыйжалуу механизмдерди бекемдөөгө жардам берет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Нарендра Модиге ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми боордош Индия элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз