Пятница, 20 сентября

Алимент боюнча долбоор каралат

0

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим беруу, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде алимент тууралуу долбоор талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган комитетте “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү” тууралуу мыйзам долбоору талкууланат. Талкууга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз