Пятница, 20 сентября

Түркияда боло турчу Көчмөндөр оюндарына 7 спорттук оюн кирет. Алар кайсылар?

0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынын билдиргенине таянсак, 2020-жылы Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Кыргызстан 7 улуттук спорттун түрү менен катышат.

Алар төмөнкү спорт түрлөрү:

– көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, бул оюндар Кыргыз Республикасынын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;

– тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү – спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер менен өткөрүлөт;

– көчмөндөрдүн улуу күрөшү – кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.

КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз