Пятница, 20 сентября

Ирактагы АКШ элчилигинин аймагына 3 ракета кулаган

0

Кечээ, 26-январь күнү Ирактын борбору Багдаддагы АКШ элчилигинин аймагына 3 ракета кулаган. Бирөөсү дипломатиялык миссиянын ресторанын талкалаган. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыгышты.

Жыйынтыгында бир нече адам жарат алган. Алардын арасында элчиликтин кызматкерлери барбы же жокпу аныктала элек. Дипломатиялык миссиянын ичиндеги адамдар вертолет менен куткарылып жатканын кабарлашты.

Ирак парламентинин спикери Мухаммед аль-Хальбуси бул окуя өлкөнүн кадыр-баркына зыянын тийгизет деп эсептейт. Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу  Адель Абд ал-Махди бул соккуга күнөөлүүлөрдү издеп баштады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз