Пятница, 20 сентября

Акушер-гинекологдун колунда кандай чиптер бар?

0

42 жаштагы Александр Волчек Новосибирск шаарында акушер-гинеколог болуп иштейт. Сыртынан карасаң жөнөкөй адам көрүнгөн адамдын колунда бир нече чип бар.

Ал чип койдурса болорун 2017-жылы билген. Биринчи ишенген эмес. Кийинчерек анын чын эле иштешин, ден-соолукка терс таасирин тийгизбей турганын билгенден кийин койдурууну чечкен. Бирок технологиянын дагы өнүгүшүн күтүп жүргөн.

Алгач чиптер жаныбарларга коюла баштаса, кийин адамдарга да коюлган. Александр жүздөгөн чиптерге буйрутма берген. Алардын өлчөмү 1,5х8 ммди түзүп, 800 байттан 1 килобайтка чейинки маалымат батыра алат. Дененин кайсы жеринде болбосун көрүнбөйт.

Андагы алгачкы чип тоо чокусуна жеткирүүчү канатканы ачууга жардам берген. Андан кийинки 6 чип үйдүн жана офистин домофонун ачууга, жеке визиткасынын жана паролун ачууга арналган. Учурда электрондук домофондорду ачат, коомдук транспорттордун акысын төлөйт.

Чиптерге Александрын үй-бүлөсү дагы кызыга баштаган. Ал жубайына дагы койдурган. Себеби ал дайыма үйдүн ачкычын унута берчү.

Мындай чиптер 2доллардан 90 долларга чейин турат. Анын айтымында чип өтө ыңгайлуу жана муну койдуруу чоң жаңылык эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз