Пятница, 20 сентября

Коронавирус башталган шаарда 50 кыргызстандык бар

0

Коронавирус  тараган Ухань шаарында 50 кыргызстандык бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ТИМ министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, Уханда жашаган кыргыздардын саны 50, көпчүлүгү студент, алардын саламаттыгы жакшы, коронавируска чалдыккандар жок. Ошондой эле ал ММК жана коомчулукту жалган маалымат таратпоого чакырды. 

Эскерте кетсек, Кытайда коронавируска чалдыгып, каза болгондордун саны  80ге жеткен. Бул оору 2,5 миңдей адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор. Кытай бийлиги аталган ооруга дуушар болгондорду даарылоо үчүн оорукана сала баштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз