Пятница, 20 сентября

Самолет жарым жолдон артка кайтты. Жардыруучу зат барбы?

0

Хабаровск шаарынан Москвага учкан самолет кайтып келди. Себеби бортто жарылуучу зат бар деген маалымат келген. Бул тууралуу аэропорттон кабарлашты.

Бул маалымат орус гвардиясына келип түшкөн. Ал учурда самолеттун учканына бир саат өтүп, Зей суу сактагычынын үстүнө жетип калган. Болжолдуу түрдө 10км бийиктикте болгон.

Самолетто 262 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү бар. Ал 16:15те Москвага конуш керек эле. Бирок кайтканын айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз