Пятница, 20 сентября

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту көзөмөлдөп жатат

0

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө турат, алдын алуу чаралары улантылууда. Бул тууралуу КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Өкмөттүн жыйынында  маалымдады.  Мындан тышкары министр массалык оюн-зоок иш-чаралардын санын кыскартууну  өтүндү, ошондой эле  эл көп топтолгон жерлерде сак  болуп, медициналык бет каптарды тагынып жүрүүнү эскертти.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан вирусту көзөмөлдөө жана анын өлкөгө  киргизилишинин алдын алуу жана эпидемияга каршы иш чараларды киргизүү  боюнча ведомстволор аралык ыкчам штаб түзулду. Штабка  Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин,  ТИМдин кызматкерлери кирди.

Коронавирус катталган учурга жана ал ооруну жайылтууга каршы Оперативдүү План кабыл алынды.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги менен байланыш түзүлүп, маалымат алмашуу жүрүп жатат.

Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана эл аралык «Манас», жана Ош шаарындагы аэропорттордо коронавирусту текшерүү үчүн иштер күчөтүлүп, тепловизор жабдыктары тартылды ( 13). Санитардык-карантин пункттарынын адистери бортту коштоп жүрүүчүлөр, бажы кызматы, чек ара кызматтары менен биргеликте аракеттер жүргүзүлүүдө Баардык эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү  текшерүүдөн өткөрүлүп  жатат. Кошуна мамлекеттер менен чектеш чек араларда  22 санитардык контролдук-өткөрмө пункттары уюштурулду.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргелешкен  Кытайдан Кыргызстанга алынып келүүчү продукцияларын көзөмөлдөө боюнча  иштер жүргүзүлүп жатат, Кытайдагы эпидкырдаал боюнча ыкчам маалыматтар берилип жатат.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук вирусология лабораториясы, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө толук даярдыкка келтирилди, окутуудан өткөн адистер  менен камсыздалды.

Өлкөнүн бардык саламаттык сактоо уюмдарына жекече коргоо каражаттары  (халат, көз айнек, бут кийим ж.б.) таратылды.

2019-жылы 500дөн ашык  медициналык кызматкерлер атайын жугуштуу  оорулардын алдын алуу, дартты аныктоо, эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу  окуулардан өтүшкөн.

Курч респиратордук инфекциялардын алдын алуу боюнча маалыматтар камтылган плакаттар, брошюралар, календарлар даярдалып,   мектеп окуучуларына, медициналык кызматкерлерге жана  жарандарга таратылып берилди (45миң даана).

Областтардагы саламаттык сактоо координаторлоруна  КРВИ белгилери  менен кайрылган бейтаптардан жаңы короновируска  шектүү учурларын өз убагында текшерүүдөн өткөрүп,  тандалып алынган үлгүлөрдү Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык лабораториясына жеткирүү тууралуу кызматтык кат жөнөтүлдү.

Өлкөнүн бардык райондорундагы саламаттык сактоо мекемелеринде атайын изолятор бокстары даярдыкка келтирилди. Өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялардын кампасында 3,5 миң бир жолу колдонуучу медициналык маскалар жана бардык саламаттык сактоо  мекемелеринде  жекече коргоо каражаттары  (халат, көз айнек, бут кийим ж.б.) дайын.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз