Вторник, 26 ноября

Кыздардан турган хоккей команда эл аралык мелдешке катышат

0

Кыргызстанда биринчи жолу кыздардан турган хоккей команда жазында Бишкекте боло турчу эл аралык мелдешке катышат. Алар Кувейт, Малайзия, Филиппинден келген хоккейчилер менен күч сынашышат.

Бул команда өлкөнүн чыгыш тарабында жайгашкан Отрадное айылындагы балдар спорттук мектебинде түзүлгөн.

“Шапак” деп аталган бул команда расмий мелдештерге катыша алат. Өткөн жылы Нарында өткөн VII республикалык турнирге катышкан.

Алардын айтымында айылдаштары алгач терс көз карашта болушкан. Бирок команданын капитаны Нурайым Кенжебаева кыздар күчтүү экенин, эч качан артка кетпей тургандарын айтты.

Шартка байланыштуу машыктыруучусу Салам Абдрахмановдун машина токтотуучу жайын кийим алмаштыруучу бөлмө кылып алышкан. Команда Европадагы кыргыз диоспарасы тарабынан колдоого алынган.

Хоккей Кыргызстанда 2000-жылдарда ойноло баштаган. 9 жыл мурун федерация эл аралык деңгээлде таанылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз