Ингушетия республикасынын башчысы Махмуд-Али Калиматов өкмөттү отставкага кетирди.
“Ингушетиянын өкмөтүн кетирүү менин чечимим болду”- деп өзүнүн инстаграм баракчасына билдирүү калтырган.
Республиканын парламентинин депутаттары 8-сентябрда Ингушетиянын башчысы кылып Калиматовду тандашкан. Ал ошол эле күнү өкмөттү отставкага кетирген. 16-сентябрда жаңы министрлер кабинети түзүлгөн.
22-январда Калиматов Самаранын мурдагы мэринин орун басары Владимир Сластенинди биринчи вице-премьер-министр, ал эми экономика министри кылып Лиана Плиеваны койгон.