Пятница, 20 сентября

Ливия эли үйлөрүн таштап качышты

0

Ливияда мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топ райондорду, бийликтин көзөмөлүндөгү аймактарды бузуп жатат. Топтун башында Халифа Хафтар турат. Триполидеги оорукана дагы бузулууга дуушар болгон.

БУУнун билдирүүсү боюнча, 2019-жылдын апрель айында Хафтар Ливиянын борборундагы ооруканага, тез жардам унаасына 50 сокку урган.

Мындан тышкары адамдар жашаган Абу Салим пунктуна тийген. Андагы “Сафва” ооруканасындагы 3 адам жабыркаган.

Түнү бою атышуу болгон аймактан көпчүлүк тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Ооруканалардын дубалдарынан жарадар болгондордун канын көрсө болот.

Учурда “Сафвадан” эки километр алыстыкта жайгашкан “Хадра” ооруканасы иштеп жатат. 5- январда дал ушул ооруканага Хафтардын соккусунан жабыр тарткан 550 аскер окуу жайдын балдары алынып келинген. Ошол эле күнү 31 курсант каза болгон.

Оорукананын дарыгери Мухаммед Хаффастын айтымында, конфликт башталганга чейин 300 адам кайрылган. Азыркы учурда суткасына 4000ге чукул адам келип жатат.

“Буга чейин жылына 22 миң операция жасаган болсок, акыркы 3 айда эле 30 миң операция кылдык. Алардын көбүнчөсү хирургиялык операциялар”-деди Хаффас.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз