Пятница, 20 сентября

Кыргызстан Кытай менен каттамдарын токтотту

0

Бүгүн, 27-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтогонун айтты.

«23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду,» — деди ал.

Буга чейин КЫтай жаңы жылыны карата Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү аба каттамы да 23-январдан 1-февралга чейин токтогон.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок. Оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Учурда Кытайда 80 адам каза болуп, 3000ге жакын адам жабыр тартып жатат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз